Бишкекте көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплекси курулат

Коом
Бишкекте көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплекси курулат
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана "Иллюзион.кг" ЖЧКсынын башкы директору Самат Салыбаев 19-октябрда көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комплекс Ч. Валиханов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине курулат.

Долбоор шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алуу жана көңүл ачуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Мэр курулуш бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттөр так сакталышы керектигин белгиледи.

Комплекс үй-бүлөлөр жана жаштар эс ала турган жайга айланып, шаардын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.