Бишкекте көп функционалдуу “Алга” спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Спорт Загрузка... 13 Июнь 2025 22:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте көп функционалдуу “Алга” спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров катышты.

“Алга” спорт комплекси 1954-жылы курулуп, союз учурунда борбор калаадагы негизги спорт объектилеринин бири катары саналып келген. Көп жылдар бою ал жаш жана профессионал спортчулар үчүн негизги машыгуу жана мелдеш базасы болуп кызмат кылган. Бул тууралуу Айбек Жунушалиев комплекстин ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, СССР тарагандан кийин комплекс кароосуз калган. Көп жылдар бою капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, материалдык-техникалык базасы эскирип, стадион спорттук инфраструктуралык талаптарга жооп бербей калган. Буга байланыштуу 2024-жылдын апрель айында мамлекеттик органдардын колдоосу менен комплексти капиталдык реконструкциялоо иштери башталган.

“Ошол учурдан тартып мэрия тез арада долбоор иштеп чыгып, анын алкагында апрель айында демонтаждоо иштерин баштадык. Жаздын алгачкы күндөрүнүн келиши менен курулуш иштери башталып, май айында бүтүргөнбүз. Биз көп функционалдуу стадионду жана спорттук комплексти куруу менен чектелип калган жокпуз. БЧК дарыясынын жээгин жашылдандыруу иштерин да жүргүздүк. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курултайга даярдык көрүүнүн алкагында дарыя жээктерин тазалоо жана жашылдандыруу иштери башталды”,- деди ал.

Жаңыланган стадион ФИФАнын 4-категориясынын стандарттарына жооп берет.

Спорт комплексинин аянты 7,4 гектарды түзөт. Спорт комплекс алты тилкелүү чуркоо жолу, жарыктандыруу деңгээли 1800 люкс болгон төрт жарык берүүчү мачталар, 3 миң орундуу трибуналар, табигый жана жасалма чөп менен капталган машыгуу аянтчасы бар.

Комплексте ошондой эле 142 орундуу мейманкана, эки кийим алмаштыруучу бөлмө (ар бири 60 кишиге ылайыкталган), калыстар бөлмөсү, эки конференц-зал, медициналык борбор, комментарий берүүчү кабиналар жана медиа зоналар бар.

Кошумчалай кетсек, комплексте футзал жана күрөш залдары, 153 унаа үчүн унаа токтотуучу жай жана кичи футбол аянтчасы бар.

Иш-чара Кыргызстандын Жогорку Лигасынын 12-турунун алкагында “Алга”жана “Барсэ” футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.