Бишкекте коомдук транспортторго карата рейд жүрүүдө

Бишкектеги иш-чаралар 11827 29 Январь 2025 10:08
474762504_1041122834730237_6359525066316778770_n.jpg
474760266_1041122831396904_1221846585665724104_n.jpg
475029297_1041122888063565_2771406235215473202_n.jpg
Алдыга
Артка
474762504_1041122834730237_6359525066316778770_n.jpg
474760266_1041122831396904_1221846585665724104_n.jpg
475029297_1041122888063565_2771406235215473202_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу максатында рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө автобустардын аялдамаларда туура токтоосу, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын кызматтык атайын формасы жана жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эрежелерди бузган жана кызматтык форма кийбеген айдоочуларга актылар түзүлдү. Эгерде мыйзам бузуулар улана берсе, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Белгилей кестек, бул рейддик иш-чаралар кызмат көрсөтүү маданиятын жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн уюштурулган.

Эске салсак, мындай иш-чаралар ар аптанын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлөт.