Бишкекте коомдук саламаттык сактоону интеграциялоо боюнча эл аралык форум өтүүдө

Ден соолук 19 Сентябрь 2025 12:26
548683902_797304863251127_4592124186803666850_n.jpg
548637011_797304753251138_6708883150740905435_n.jpg
548452179_797304733251140_5136324085687462269_n.jpg
547865549_797304789917801_8727986515671925440_n.jpg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.17.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.05.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Бишкекте 18-19-сентябрда "Евразиядагы коомдук саламаттык сактоонун интеграциялык потенциалы: стратегиялар, туруктуу өнүгүү тенденциялары, санариптештирүү, инновациялар жана перспективалар" аттуу эл аралык форум өтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүн иш-чарага министр Эркин Чечейбаев катышты.

Форум Туруктуулук жылы – 2025 жана Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери, академик Омор Касымовдун 70 жылдык мааракесине арналган.

Иш-чарада өзгөчө көңүл санариптештирүү, инновациялар жана коомдук саламаттык сактоодогу стратегиялык багыттарга бурулат. Форумга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана АКШдан келген окумуштуулар, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жетекчилиги жана окутуучулары, башка адистер катышууда.

Форумдун ачылышында президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Омор Касымовго арналган куттуктоосун жеткиришти.

Саламаттык сактоо министри өз сөзүндө Омор Касымовду 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалады. Ал академиктин медицина жана коомдук саламаттык сактоо тармагына Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары да зор салым кошконун баса белгиледи.

"Белгилүү болгондой, коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү – Кыргызстандагы саламаттык сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыты. Президент Садыр Жапаров бир нече ирет алдын алуу иш-чаралары дүйнөлүк саламаттык сактоодо башкы тирөөч болуп эсептелерин белгилеген. Президенттин жана өлкө жетекчилигинин колдоосунун аркасында саламаттык сактоо системасында, анын ичинде коомдук саламаттык сактоо жана профилактика тармагында ири реформалар жана өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Президент спортту, дене тарбияны, туура тамактанууну жана дени сак жашоо образын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда. Өлкө боюнча ооруканалар менен катар спорттук аянтчалар да курулуп, оңдоп-түзөлүүдө", – деди Эркин Чечейбаев.

Министр форумдун катышуучулары коомдук саламаттык сактоо системаларын интеграциялоо боюнча жаңы идеяларды сунуштайт деген үмүтүн билдирди.

Эки күндүк форумдун жүрүшүндө глобалдык саламаттык сактоого, улуттук долбоорлорго, тамактанууга жана оорулардын алдын алууга арналган пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана мастер-класстар өткөрүлөт.