Бишкекте коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун 85 жылдыгына арналган конференция өттү

Коом Загрузка... 19 Апрель 2025 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.04.25 /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, дипломат Жумагул Сааданбековдун 85 жылдыгына арналган «Жумагул Сааданбеков: Тарыхый өзгөрүүлөрдүн доорундагы татаал жана кайчылаш жолдорунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

ТИМден билдиришкендей, өзүнүн баяндамасында Жээнбек Кулубаев Жумагул Сааданбековдун Кыргызстандын тышкы саясатына кошкон зор салымын, анын кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы уникалдуу ордун жана мамлекеттин эл аралык аброюн бекемдөөгө болгон ишмердүүлүгүн белгиледи.

«Жумагул Сааданбеков – кыргыз дипломатиясынын жаркын өкүлү. Ал өз өмүрүн элибиздин кызыкчылыгына арнап, Кыргызстандын эл аралык мамилелерин чыңдоого чоң салым кошту. Украинада жана Казакстанда элчи катары иштеп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү роль ойноду. Анын кесипкөйлүгү, принциптүүлүгү жана мекенге болгон чексиз берилгендиги биз үчүн үлгү», – деп баса белгиледи министр.

Министр ошондой эле Жумагул Сааданбековдун Дипломатиялык академиядагы жетекчилигин жана жаш дипломаттарды даярдоого кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

«Жумагул Сааданбеков тышкы саясат тармагындагы кесипкөй адистерди даярдоого маанилүү салым кошуп, өлкөбүздүн дипломатиялык потенциалын күчтөндүргөн», – деди Жээнбек Кулубаев.

Сөзүнүн аягында Жээнбек Кулубаев Жумагул Сааданбековду 85 жылдык мааракесине карата куттуктоо сөздөрүн айтып, Кыргызстан үчүн жасап келе жаткан эмгегин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.