Бишкекте көчөлөрдүн аталыштарын иретке келтирүү сунушталууда

Коом Загрузка... 05 Август 2025 18:19
6389d2a08f2fdf1be0a_H0K1upv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.2025. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы бир нече аталышка ээ болгон көчөлөрдүн аталышын алып салууга багытталган токтом долбоорун даярдады.

Административдик-аймактык реформага байланыштуу шаарга айыл аймактары, айылдар жана конуштар кошулуп, ар кайсы аймактарда окшош көчө аталыштарынын пайда болушуна алып келди.

Мэриянын маалыматына караганда, шаарда майдаланган көчөлөр да бар, анда бир эле көчөнүн ар кайсы тилкесинде ар кандай аталыштар бар, бул навигацияны, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык кызматтардын ишин, кыймылсыз мүлктү даректик каттоону кыйындатат.

Мисалы: Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири Фрунзе (мурдагы Новопавловка аймагында), Ден Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспектилери сыяктуу аталыштаргша ээ. Токтом долбоорунда башка көчөлөрдүн атын өзгөртүү жолу менен Дэн Сяопин жана Шабдан Баатырдын ысымдарын сактоо менен аларды бирдиктүү Чүй проспектисине бириктирүү сунушталууда.

Ошондой эле шаардын топонимикасындагы олуттуу аталыштарды сактап калуу менен башка ушул сыяктуу иштерди жөнгө салуу пландалууда.

Каралып жаткан долбоор шаардык навигациянын логикасын жакшыртууга жана шаардыктарга жана шаардык кызматтарга ыңгайлуу болууга багытталган.