Бишкек, 07.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарында күнүнө 1 миң 700 тонна таштанды чыгарылат. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 1 миң тоннасын "Тазалык" муниципалдык ишканасы чыгарат.
“Бизден башка дагы таштанды чыгарган жеке компаниялар бар. Калганын ушул жеке компаниялар чыгарат”,-деди ал.