Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте биринчи жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаевдин катышуусунда КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушуу УКМКнын жаңы имаратында "Ардагерлердин бир туугандык салттуу байланышын бекемдөө – тарыхтан келечекке" аталышындагы тегерек столдун алкагында өттү.
Тегерек столдун максаты – КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ардагерлер уюмдарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо. Тарыхый байланыштарды бекемдөөдө өз ара аракеттенүүнүн өнүгүү келечегин карап чыгуу.
Атайын кызматтын ардагерлери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин мындай масштабдуу тарыхый иш-чараны уюштурууга кошкон салымын жогору баалашты.
"Бүгүнкү иш-чара баардыгыбыз үчүн абдан маанилүү саамалык болду. Анткени, биз бүгүн УКМКнын жаңы имаратында Мекенге кызмат өтөөгө өмүрүн арнагандардын эмгегин даңазалап, эскерүү үчүн жолуктук. Ар бириңиздерге коюлган милдетке берилүү менен мамиле жасап, аткарган кызматыңыздар үчүн, атайын кызматтардын жаш муундарына көрсөткөн татыктуу үлгүңүздөр үчүн чын дилимден ыраазычылк билдирем. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кажыбас кайрат каалайм. Бул жолугушуунун биздин кызматташтыгыбыздын жана достугубуздун жаңы баскычы болуусуна тилектештигимди билдирем", - деди Разаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер социалдык колдоонун, өз ара аракеттенүүнү жана өз ара жардамдашууну чыңдоонун, ошондой эле маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жаштарды патриоттуулуктун жана милдетке берилгендиктин багытында тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара жылуу жана көңүлдүү маанайда өтүп, атайын кызматтын ардагерлеринин боордоштук бекем байланыштарын ырастап, өткөн мезгилдерди эскерүү менен гана чектелбестен, ардагерлердин биригүүгө жана ийгиликтерге умтулууга чакырган жандуу күч экендигин тастыктаганы өзгөчө символикалуу көрүнүш болду.
Атайын кызматтардын ардагерлер уюму салттуу түрдө жарандарды патриоттук нукта тарбиялоодо, тарыхый мурастарды сактоодо жана коомдун биримдигин чыңдоодо маанилүү чоң роль ойной тургандыгын белгилей кетүү керек. Алардын иш-аракеттери мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук маанилүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.
КР УКМКнын жаңы имараты – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, заманбап коопсуздуктун жана боордош мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгынын символу болду.
Өз кезегинде катышуучулар тарыхтын даңазалуу барактарынын элесин сактоонун жана кызматкерлердин жаш муундар мен бай тажырыйбаларын бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Белгиленгендей, бул иш-чара мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылууга жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого баа жеткис салым кошкон түрдүү муундардын өкүлдөрүн бириктирди.