Бишкекте ӨКМ адистерин даярдаган кафедра ачылды

Коом 1411 05 Март 2025 21:48
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бишкекте ӨКМ адистерин даярдаган кафедра ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучу, өрт өчүрүүчү дегеле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштөөнү каалаган келечек ээлери үчүн Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры К. Усенбеков атындагы аскер институтунда жарандык коргонуу кафедрасы ачылды.

Белгилей кетсек, окуу жайда кафедра 2024-жылдын сентябрь айы ачылып, алгачкы курсанттар кабыл алынган.