Бишкекте калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар талкууланууда

Коом Загрузка... 22 Апрель 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бишкекте 22-23-апрелде "Туруктуу калктын саламаттыгы үчүн чечимдер: климаттын өзгөрүүсүн чечүү, айлана-чөйрөнү коргоо, азык-түлүк коопсуздугу жана Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

КМаалыматка ылайык, конференция Билим берүү жана илим министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ДССУн, ЮНИСЕФ, БУУӨП, Ага Хан фонду жана GIZ`дин колдоосу менен уюштурулду.

Эл аралык конференциянын ишине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле Иран, Эстония, Улуу Британия, Германия, Литва, Словакия Республикасы, Россия, Япония жана АКШнын өкүлдөрү катышууда.топторунун ден соолугу жана экология боюнча илимий изилдөөлөр менен билим  берүү программаларынын жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын, программаларын жана эл аралык документтерди ишке ашыруу болуп саналат.

Эл аралык конференциянын ишине Казакстан, Өзбекстан, Иран, Эстония, Улуу Британия, Германия, Литва, Словакия, Россия, Япония жана АКШнын өкүлдөрү катышууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирип, өнөкөт жана жугуштуу оорулардын, анын ичинде безгек, денге жана респиратордук оорулардын көбөйүшүнө алып келерин белгиледи.

"Кыргызстан дагы табигый кырсыктардын (суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү) көбөйүшүнө туш болууда, бул аялуу катмарлар, өзгөчө балдар үчүн тобокелдиктерди күчөтөт. Климаттык тобокелдиктерди саламаттыкты сактоо стратегияларына интеграциялоо зарыл, анын ичинде маалыматтарды чогултуу, көзөмөлдөө жана коомчулукка маалымат берүү менен интеграциялоо зарыл. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги климатты тобокелдик фактору катары эсептеп, "Дени сак адам - гүлдөгөн өлкө" программасынын алкагында 2025-2030-жылдарга карата иш-чаралар планын жаңылады", - деди ал.

Министрдин орун басары 14 өлкөнүн катышуусундагы конференция аймактык чечимдерди иштеп чыгуу жана саламаттыкты сактоонун туруктуу системаларын түзүү үчүн платформа болоруна ишенимин билдирди.

Арыкбаева бардык катышуучуларды климаттын өзгөрүшү шартында калктын ден соолугун коргоо боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алууга чакырды.

"Бизге XXI кылымдын коркунучтарынан балдарды, карыларды, биздин жамааттарды коргой турган заманбап, трансформациялоочу ыкмалар, стратегиялар керек", - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Эл аралык медицина жогорку мектеби ЮНИСЕФ менен биргеликте КРда жана Эразмус+ GREENKG менен биргеликте уюштурган эко-конкурс жана студенттик конференция өтүүдө. Ага Эл аралык медицина жогорку мектеби, КММА, КМТУ, АУЦА жана башка жогорку окуу жайларынын студенттери катышууда.