Бишкекте КИТ-2025 форуму башталды

Коом 29 май 2025 10:05
IMG_5042.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_5051.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5044.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5046.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5045.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_5042.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_5051.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5044.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5046.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_5045.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жыл сайын өтө турган маалымат технологиялар форуму башталды. Бул IT жана санариптик инновациялар тармагындагы ири иш-чаралардын бири.

Форумга санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, эл аралык эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана IT-адистер катышууда.

Форум Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана эл аралык инвесторлордун көңүлүн өлкөнүн потенциалына буруу максатын көздөйт. Азия менен Европанын ортосундагы стратегиялык көпүрө катары Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу, ресурстары жана жагымдуу бизнес климаты менен уникалдуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Белгилей кетсек, форумдун катышуучуларына кызыктуу панелдик талкуулар, интерактивдүү мастер-класстар, ошондой эле натыйжалуу нетворкинг түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр күтөт.

KИT форуму IT тармагынын негизги жылдык иш-чарасы болуп саналат. Ал Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана дүйнөнүн бардык бурчунан алдынкы эксперттерди, компания жетекчилерин, иштеп чыгуучуларды жана студенттерди бириктирет.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.