Бишкекте кеңседен ири көлөмдө акча уурдоого шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Август 2025 15:30
535683583_1157543726394627_1281191656702978688_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Бишкекте ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция бөлүмүнө Ш.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 15-февралына караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсүндө жайгашкан компаниянын кеңсесиндеги коопсуздук кутусунан (сейф) 23 миң доллар, 460 миң рубль, 500 миң теңге жана 200 миң сом уурдап кетип, ири материалдык зыян келтиргенин билдирген.

Бул факты боюнча "Уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.