Бишкекте көчөнүн аталыштары ката жазылган такталар алынды - мэрия

Коом 9 октябрь 2025 18:08
557959080_25128034780155519_2122371617328431826_n.jpg
558131033_25128034073488923_5359869995309468052_n.jpg
559363080_25128034400155557_7969656097895553507_n.jpg
Алдыга
Артка
557959080_25128034780155519_2122371617328431826_n.jpg
558131033_25128034073488923_5359869995309468052_n.jpg
559363080_25128034400155557_7969656097895553507_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бишкекте көчөнүн аталыштары ката жазылган такталар алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, алар мэрия тарабынан илинген эмес жана өз билемдик менен орнотулган.

“Көчөнүн аталыштары жазылган такталар “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси бекиткен дизайн-коддун талаптарына да жооп бербейт. Учурда райондук администрациялар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүүлөр берилип жатат”, - деп айтылат маалыматта.