Атчандардын шоусу жана Манас айтуу: Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи уланууда

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 22:45
IMG_6844.jpeg
IMG_6843.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6844.jpeg
IMG_6843.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган маданий программа тартууланууда.

Алгач көчмөн элдердин урпагын улаган наристенин жарык дүйнөгө келиши сахналаштырылды. Ага улай Манас айтылып, кыргыздын бай маданий баалуулуктары даңазаланды. Көчмөн рухун айгинелеген атчандардын шоусу күйөрмандарга өзгөчө маанай тартуулады.

Ал эми “Бишкек Аренаны” Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган майрамдык салют дагы да көрккө бөлөдү.

Ошондой эле иш-чара азыр ата мекендик жана чет өлкөлүк аткаруучулардын концерти менен коштолууда.