Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. 25-ноябрда Бишкекте болгон катуу шамалда 16 бак кулады. Анын кесепетинен жабыркагандар жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери ар бир чакыруу боюнча ыкчам чыгып, коопсуздукту жана жолдордогу тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздоо үчүн түнкү экиге чейин иштерди жүргүзүштү.
"Алар күчөтүлгөн тартипте иштеп, кулап калган дарактардын сөңгөктөрүн алышты, жолдорду жана жөө жүрүүчү тилкелерди тазалашты. Негизги кесепеттер жоюлуп, тазалоо иштери аяктап баратат.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарына шамал күчөгөн учурларда этият болууну жана унааларды чоң дарактардын түбүнө токтотпоону сунуштайт", -деп айтылат билдирүүдө.