Бишкекте кармашып урушуу боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 24 Апрель 2025 12:55
491356215_18354315916196946_4360779701182753607_n.jpg

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. 26-27-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата кармашып урушуу боюнча өлкө биринчилиги өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынын келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер арасында : 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97, +97 кг;

Кыз-келиндер арасында: 48, 53, 58, 64, 70, +70 кг;

Өзүн-өзү коргоо боюнча:

  • Эркектер арасында (18-37 жаш): 70, 80, 90, +90 кг;
  • Кыз-келиндер арасында (18-37 жаш): 50, 70, +70 кг;
  • Эркектер арасында (38-49 жаш): 75, 95, +95 кг;
  • Кыз-келиндер арасында: 60, +60 кг;
  • Эркектер арасында (50-60 кг): 85, +85 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 26-апрель саат, саат 10:00дө;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 26-апрель, саат 13:00дө;
Финалдык беттештер: 27-апрель, саат 10:00, дареги: Максим Горький 144а көчөсү.

Белгилей кетсек, өлкө чемпионаты Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана карамашып урушуу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.