Бишкекте каратэ WKF боюнча Борбор Азия чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 20 Июнь 2025 16:16
504623439_18361094776196946_8774368289223330885_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. 19-22-июнь күндөрү Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде каратэ WKF боюнча Борбор Азия чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ирандан 650дөн ашык спортчу катышат.

Өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтө турган мелдеште Кыргызстандын намысын 260 спортчу коргойт.