Бишкек, 26.02.25./Кабар/. Бишкекте "Өз коргооңду танда!" аталышында камсыздандыруу кызматтарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 28-февралда саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Дордой Плаза" соода борборунун 1-кабатында өтөт.
"Жарманке калктын камсыздандыруу боюнча сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Көпчүлүк үчүн камсыздандыруу түшүнүксүз жана татаал көрүнүшү мүмкүн, ошондуктан биз аны жөнөкөй жана жалпак тил менен айтып берүүнү максат кылуудабыз", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарада катышуучулар ОСАГО, КАСКО жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча маалымат алышып, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен баарлашып, суроолорун бере алышат.
Ошондой эле полисти ошол жерде ыкчам жана жеңил тариздөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Жарманкеге келгендердин арасында сыйлыктар менен белектер ойнотулат.