Бишкекте калктын аярлуу катмарына арналган “Евразия" социалдык дүкөнү ачылды

Коом Загрузка... 26 Август 2025 12:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.25 /Кабар/. Борбор калаада калктын аярлуу катмарына кирген жарандарга арналган "Евразия" социалдык дүкөнү ачылды. Демилге Кыргызстан менен “Евразия" бейөкмөт уюмунун ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында ишке ашырылды.

WhatsApp Image 2025-08-26 at 14.01.22.jpeg

Социалдык дүкөн Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө - Токтогул көчөсү 146/1 дарегинде жайгашкан. Негизги максаты — пенсионерлерге, ардагерлерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга зарыл азык-түлүктөрдү базар баасынан төмөн, жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.

9c234715-b801-46b0-afd9-2c8a8d54af87.jpg

Дүкөндүн расмий ачылышында кызыл лента кесилип, салтанаттуу иш-чарага “Евразия” уюмунун Координациялык кеңешинин төрайымы, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алёна Аршинова, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Уюмдун төрайымы Алёна Аршинова дүкөндү расмий ачып жатып, “Кыргызстан — Россиянын ишенимдүү өнөктөшү жана ЕАЭБдин маанилүү катышуучусу. Биз президент Садыр Жапаровго биздин демилгелерди ар дайым колдоого алганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Эки өлкөнүн интеграциясы, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында кызматташуусу, Евразия континентинин өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө өбөлгө түзөт жана эки өлкөнүн эли үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат”,-деди.

WhatsApp Image 2025-08-26 at 14.01.26 (2).jpeg

“Евразиядан” соода кылууну каалаган жарандарга жеке социалдык карта сунушталат. Аны алуу үчүн негизги маалыматтарды (аты-жөнү, телефон номери, туулган күнү жана жашаган жери) камтыган анкетаны толтуруу зарыл.

Маалымат үчүн: АНО “Евразия” – эл аралык кызматташууга жана гуманитардык долбоорлорго колдоо көрсөткөн коммерциялык эмес уюм. Ал билим берүү, жаштар алмашуусу, стажировкалар, медиа жана маданий мурастарды сактоо багыттарында долбоорлорду ишке ашырып, жаштарга, мугалимдерге жана журналисттерге мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.