Бишкекте кайсы көчөлөрдө оңдоо иштери жүрүүдө? Тизме

Коом Загрузка... 06 Сентябрь 2025 10:53
IMG_5956.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкү даректерде жылуулук тармактарын жана жолдорду оңдоо,  реконструкциялоо боюнча ири иштерди жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана оңдоо:

Чүй проспектиси, Осмонкул көчөсү боюнча «№ 3 Насостук станциясын» куруу.

Батыш-II жылуулук магистралын реконструкциялоо – Сүйүмбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин.

Гагарин көчөсү– Шота Руставели көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин (Фурманов көчөсү, 16-үйдүн жанында).

6-микрорайон, № 5 үйдүн түштүк тарабы.

Чыгыш-5 микрорайону, С. Кийизбаева көчөсү– Мамбетова көчөсүнөн Артёмовская көчөсүнө чейин.

Үсөнбаев көчөсү – Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин.

Жолдорду оңдоо:

Свердлов району боюнча:

Гоголь көчөсү: Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин.

Жибек-Жолу проспектиси: Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин.

Суворов көчөсү: ЧЧКдан «Карагач токою» паркынын кире беришине чейин.

«Учкун» жаңы конушу, Сатыбалдиев көчөсү: Ауэзов көчөсүнөн Мин-Булак көчөсүнө чейин.

Чүй проспектиси: Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).

Витебск көчөсү: Ак-Шоокум көчөсүнөн тупикке чейин.

Токмок көчөсү: Ч. Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы).

Октябрь району боюнча:

4-микрорайон: түндүк жагы – № 41, 43, 44 үйлөрүн бойлой; түштүк жагы – № 49, 30А үйлөрүн бойлой; ошондой эле № 49/1 үйдүн түндүк тарабы Юнусалиев көчөсүнө чейин.

«Алтын-Ордо» жаңы конушу, № 9 көчө: ЧЧКдан акырына чейин (1100 м).

Армейская көчөсү: Кийизбаева көчөсүнөн № 177а үйгө чейин (510 м).

Куланак көчөсү: 7-Апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин (833 м).

Үмөталиев көчөсү, Көк-Жар айылы.

Карагул Акмат көчөсү.

Биринчи Май району боюнча:

Нариманов өткөөлү: Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин.

Теңдик көчөсү: Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейин.

9-Январь көчөсү: Мессарош көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин.

Сельпов көчөсү: Дэн Сяопин проспектисинен Серпухов көчөсүнө чейин.

Дубосеков көчөсү: Кайназаров көчөсүнөн Мессарош көчөсүнө чейин.

«Аскер шаарчасы-1» ичиндеги короолор аралык жолдор.

Козу-Баглан көчөсү: Айкөл көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейин.

Козу-Баглан көчөсү: Айкөл көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейин, ошондой эле Козу-Баглан-2 көчөсү.

Ири өткөөл: Кудрук көчөсүнөн акырына чейин.

Курулуш өткөөлү.

Ленин району:

Ак-Марал көчөсү: Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин.

Безымяная көчөсү: Гагарин көчөсүнөн Проектируемая көчөсүнө чейин.

Бердибаев көчөсү: Садырбаев көчөсүнөн Асылкеч көчөсүнө чейин.

Гоголь көчөсү: Фрунзе көчөсүнөн ЧЧКга чейин.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча:

Курманжан Датка көчөсү.

Ахунбаев көчөсү.

Шүкүров көчөсүндө көпүрө куруу.

Ауэзов көчөсүндө көпүрө куруу.

Калинин көчөсү: Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин.

Фучик көчөсү: Москва көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин.

Дэн Сяопин проспектиси: Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин.

Л. Толстой көчөсү: Матыев көчөсүнөн Т. Фрунзе көчөсүнө чейин.

Л. Толстой көчөсү: Ибраимов көчөсүнөн К. Акиев көчөсүнө чейин.

Бакаев көчөсү.

Бардык иштер графикке ылайык жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө аяктайт.