Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн эртең менен саат 09:00 чамасында Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде Милициянын кайгуул кызматтык унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.
Анын маалыматына караганда, кайгуул унаасы атайын үн чыгаруучу (сирена) жана жарык берүүчү белгилерин күйгүзүп келе жаткан. Милиция кызматкерлери бурулуш жасоого аракет кылганда, Toyota Camry унаасынын айдоочусу жол бербестен, патрулдук унааны сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен аталган кесилиште унаа тыгыны пайда болду. Жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барды.