Бишкекте Jaz Demi жазгы жарым марафону өтөт

Спорт 11 Апрель 2025 11:50
4ef914ea-e49f-4b03-b98d-8bc1534ac9ae.jpg
1744347827.jpeg
1744347831.jpeg
1744347834.jpeg
Алдыга
Артка
4ef914ea-e49f-4b03-b98d-8bc1534ac9ae.jpg
1744347827.jpeg
1744347831.jpeg
1744347834.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. Бишкекте 13-апрелде жазгы жарым марафон — Jaz Demi өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, старт жана финиш «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында уюштурулат.

Быйылкы иш-чарага 3800гө жакын спортчу жана дени сак жашоо образын карманган жарандар катышат. Жарыш алкагында 5 км, 10 км жана 21.1 км аралыктагы дистанциялар каралган. Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын «Kid’s Run» жарышы уюштурулат.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарым марафондун жүрүшүндө 7:30дан 11:00гө чейин айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Тактап айтканда, Абсамат Масалиев проспектисинин түштүк бөлүгүндө — Б.Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, А.Бакаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин кыймыл токтотулат.

Иш-чараны «Nomad Sport» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен уюштурууда.