Бишкекте үй жаныбарлары тиштеген учурлар көбөйдү

Ден соолук Загрузка... 08 Сентябрь 2025 12:25
545516868_122880901.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. 2025-жылдын 8 айында Бишкек шаары боюнча 2318 адам мал тиштеп медициналык жардамга кайрылса, 2024-жылы 1926 адам кайрылган. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Алардын ичинен 14 жашка чейинки балдар - 34,4%, өспүрүмдөр жана чоңдор - 65,6%.

Белгиленгендей, иттер тиштеген 1377 учур катталган, анын ичинен 317 учур (23%) белгисиз жаныбарлар болгон. Мышыктар тиштеген 740 учур, анын 189у (25,5%) белгисиз.

Бул аралыкта 16 жаран малдын кооптуу жана көп тиштеген учуру менен (баш, ийин, кол, ооздун, манжанын үзүлүшү) менен ооруканага жаткырылды. Баарына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, анын аркасында кутурма (бешенство) илдетинин алдын алуу мүмкүн болду.

Эске салсак, кутурма адамдын жана жаныбарлардын нерв системасын жабыркатуучу өлүмгө алып келген вирустук оору. Кыргызстанда аны ташуучулар негизинен иттер, мышыктар, бодо малдар, жылкылар жана кой-эчкилер.

Тиштегенден кийинки белгилер:

  • Биринчи белгиси: тиштеген жер кычышып, күйүп же сезилбей калат;
  • Жалпы: чарчоо, дене табы көтөрүлөт;
  • Кийинчерээк: тынчсыздануу, толкундануу, галлюцинация, көп шилекей бөлүнүү, кусуу, суудан коркуу (гидрофобия), жарыктан жана үндөн коркууу пайда болот.

Эгер тиштеп же шилекейи тийсе:

  • Жараатты дароо самын жана суу менен жакшылап жууңуз;
  • Стерилдүү бинт менен таңуу;
  • Өзүңүздүн жашаган жериңиздеги хирургга дароо кайрылыңыз;
  • Ошондой эле Манас проспектиси, 41 дарегиндеги Спорттук-реабилитациялык борбордун кутурма бөлүмүнө барыңыз.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кутурмага каршы эмдөөнүн бардык курсун аяктоо маанилүү экенин эскертти.