Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ведомстволук кеңешме өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомстволук кеңешме Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан өткөрүлүп, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын жана Бишкек шаарынын социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Анда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" жана "Кыргызстанда укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" мыйзамдарынын, ошондой эле министрлер кабинетинин "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдигин баалоо методикасы, убактылуу коргоо ордеринин формасы, зордук-зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялоочу программасынын аткарылышы каралды.
Кеӊешмеде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлүк зомбулуктан корголуусу, ошондой эле коррекциялык программаны өткөрүү иш-чаралары боюнча кеӊири талкуу жүргүзүлүп, жогоруда белгиленген мыйзамдардын жана аталган токтомдун так аткарылышы көрсөтүлдү.