Бишкекте искусство университетинин жаңы спорт залы ачылды

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залы салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин Камчыбек Ташиев менен жолугушуусунда аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов университетке спорт зал курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1967-жылы түзүлгөндөн бери университеттин спорт залы болгон эмес, мындан улам дене тарбия сабактары тийиштүү шарттары жок өткөрүлүп келген.

Ташиевдин тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын апрель айында курулуш иштери башталып, студенттер менен толук кандуу сабактарды өткөрүү үчүн жана профессордук-окутуучулук курамдын пайдалануусу үчүн зарыл талаптарга жооп берген жана ар тараптуу жабдылган заманбап спорттук залы 3,5 айдын ичинде курулуп, пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка университеттин студенттери жана окутуучулары катышты. Алардын алардын арасында КР эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, маданият жана билим берүү жаатында эмгек сиңирген ишмерлер бпр. Алар өлкө жетекчилигине өлкөнүн маданият жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.