Бишкекте иштеген өспүрүмдөргө карата рейд жүрүп, 90 бала аныкталды

Коом 24 Март 2025 12:55
486463622_1087735216735665_7729438331197153860_n.jpg
486641726_1087735210068999_5792714476781332343_n.jpg
486650713_1087735316735655_4322706584798951481_n.jpg
486248491_1087735296735657_7478258748287377344_n.jpg
486559201_1087735293402324_6925118523014723001_n.jpg
486356684_1087735213402332_7738787894276025303_n.jpg
486468353_1087735123402341_7241790498030385513_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Бишкекте иштеген балдарга карата рейд жүрүп, 90 өспүрүм аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында 17- мартынан 20-мартына чейин рейддер өткөрүлдү.

Рейддер Калыс-Ордо конушунда, Кудайберген, Сары-Өзөн, Азиз, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө жүргүзүлдү.

Ала-Тоо аянтында жана Калыс-Ордо жаңы конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосуз жүргөн 90 жашы жете элек бала жана аныкталды, 87 жашы жете элек өспүрүм ата-энесине өткөрүп берилди, 3 бала борборго жеткирилди.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.

"Бардык аныкталган жашы элек өспүрүмдөр боюнча протоколдор түзүлдү жана тийиштүү каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо үчүн жиберилет",-деп айтылат маалыматта.