Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарында ири суммадагы интернет-алдамчылык фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 12-ноябрда Н.В., аттуу жаран арыз менен кайрылып, 5-ноябрда белгисиз адамдар WhatsApp мессенджери аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдап алышкан. Көрсөтүлгөн акча каражаттары жети банктык эсепке которулган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу “Оптима Банк” төлөм терминалдары аркылуу жалпы суммасы 3 млн 655 миң сом акча каражатын которгону аныкталган.
Банктык эсептердин ээлеринин өздүгүн жана турган жерин, ошондой эле акча каражаттарынын жүрүү багыттарын аныктоо максатында тергөө органдары зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын ичинде банктык которуулар боюнча маалыматтарды жана эсеп ээлеринин анкеталык маалыматтарын алуу чаралары көрүлүүдө.
Тергөө иш чараларынын алкагында акча каражаттарын алуучулардын бири 18 жаштагы А.Б. аттуу жаран аныкталган. Анын банктык картасына 200 миң сом өлчөмүндө акча каражаты түшкөн. Аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери кошумча маалыматтарды чогултууга, бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган иликтөө иштерин жүргүзүүдө.