Уруксатсыз курулуш: Чүйдө 4 объектке 256 миң сом айып салынды

Укук тартиби 199 12 Август 2026 17:20
c8f70d73-1edd-4168-99f3-d4b028d4e864.jpg
d8c06dc4-fe5f-4835-8636-c8bb58588392.jpg
e87a1d81-4a2c-494d-8c57-06c4ca0aa8ef.jpg
e0670b2a-1f5c-4fe3-a93d-3a0f46d6dd3b.jpg
fd6e4991-e64c-49e6-8685-9160c0eb46db.jpg
fe180d7d-0a06-4e28-9de1-d30add71afc5.jpg
6d5fd89c-6cf8-47f5-80b0-1cd380109879.jpg
18ec1b1f-cbff-4ffc-9c06-a5129125fb96.jpg
76d46e4b-aa9c-4bfa-84f6-dd0c1b6de4ad.jpg
07974682-deb0-4eae-84d1-d5dbe4128e8f.jpg
afa91b3d-3fef-4625-bb04-7c423955d5e7.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Жайыл районунда тиешелүү уруксат документтери жок иш алып барган төрт объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө "Турук" туристтик борбору, автоунаа жуучу жана май алмаштыруучу жай, тейлөө станциясын тандырканага кайра профилдештирүү жана дарыкананы чайканага кайра профилдештирүү боюнча курулуш иштери аныкталган.

Аталган объекттерде тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштер жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Бул "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарына каршы келет.

Натыйжада жеке ишкерлерге мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, жалпы 256 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.