Бажы инспектору мамлекетке 5,6 млн сом зыян келтирди деп шектелүүдө

Укук тартиби 178 12 Август 2026 11:10
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы бажы кызматкеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2026-жылдын июль айында бажы инспектору К.у.Т. үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарды текшерүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, товардын документтердеги маалыматтарга шайкештиги тууралуу маалыматты актыга киргизген.

Натыйжада мамлекетке 5 млн 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. К.у.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка айыпталып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.