Маркировкасы жок: Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

Укук тартиби 115 13 Август 2026 11:15
771002415_2103277067273928_5718662541172186918_n.jpg

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталды.

"Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.