Инвестиция боюнча жаңы мыйзамды кабыл алуудагы негизги максат өлкөдө инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү деп президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов өлкөдөгү радиолордун биринен билдиргендей, учурда Кыргызстанда улуттук жана чет элдик инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Өлкөдөгү ири жана чакан экономикалык долбоорлор жалаң эле мамлекеттин казынасынан эмес, инвесторлордун каржылоосу менен ишке ашууда. Быйыл пайдалууга берилет деп мерчемделген 134 өндүрүш ишканасы да дээрлик ички жана тышкы инвесторлордун колдоосу менен ишке кирүүдө.
Белгилей кетсек, ушундай ири долбоорлордун бири Бишкектеги мурдагы "Ак-Кула" ат майданынын ордуна курула турган көп функционалдуу ири турак жай комплекси. Чет элдик инвестор тарабынан курулуп жаткан комплекстин жалпы аянты 53,5 гектарды түзөт. Мында 23 миң батир, кеңселер жайгаша турган 55 кабаттуу мунара, аянты 45 миң чарчы метрди түзгөн соода борбору, ошондой эле мектеп, бала бакча, оорукана жана 25 миң орунга ылайыкталган унаа токтоочу жай курулмакчы.
“Инфраструктурага токтолсок, комплекстин аймагында турак жайдын аянты болжол менен 30 пайызды ээлейт. Жалпы 53,5 гектар жердин 70 пайызга жакыны тургундар үчүн ыңгайлуу жашыл аймактар, ар түрдүү заманбап инфраструктура менен камсыз кылууга бөлүнгөн. Премиум-класстагы инфраструктура жол тыгындарын азайтууга багытталган кеңири транспорт тармагын камтыйт. Долбоорлордогу ички райондук жолдордун туурасы болжол менен 7 метр, ал эми негизги жолдун туурасы 35 метр, ал эми ички көчөлөрдүн туурасы 11 метр болот”,- деди долбоордун өкүлү.
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында президент Садыр Жапаровдун бул турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу учурунда долбоорду ишке ашыруу үчүн 2,5 млрд доллардан 3,5 млрд долларга чейин инвестиция салынары маалымдалган. Ошондой эле президент 60 миң адам жашай турган комплекс борбор калаанын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жаңы жумуш орундары пайда болоорун айткан.
“Бишкек шаарын жакшыртуу аркылуу келечек муунга өнүккөн шаар калтыралы деген чоң үмүт, тилек менен Royal Central Park көп функционалдуу комплексине мезгил кутучасын салуу үчүн чогулуп отурабыз. Шаар сыртына көчүрүлгөн мурдагы "Ак-Кула" ат майданынын ордуна турак жайлар, социалдык объектилер, бизнес борборлору, парк аймактарын камтыган комплекс курулат. Өткөн жылы министрлер кабинети чет өлкөлүк инвестициялык компания менен Бишкек шаарынын аймагына шаарча комплексин куруу долбоору тууралуу макулдашууга кол койгон. Мына бүгүн 3 млрд АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап отурабыз. Долбоор ишке ашканда Бишкек шаарынын инфратүзүмү жакшырып, шаардыктардын жашоо, турмуш деңгээли жогорулап, борбор калаанын өнүгүүсүнө чоң салым болуп эсептелет", - деп белгилеген өлкө башчысы.
Чет элдик инвестор тарабынан Royal Central Park ири долбоорун тааныштыруу иш-чарасында Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева борбор калаанын административдик аймагы мурда 17 миң гектар болсо азыр үч эсеге көбөйүп, 51 миң гектар жеткенин айты. Бул кеңейген аянтты эске алуу менен шаардын жаңы башкы планы 2,5 млн калкка ылайыкталып иштелип жатканы да маалымдалды. Андан тышкары, архитекторлорго жана долбоорлоо уюмдарына медициналык мекемелерден тартып көрктөндүрүүгө чейинки көптөгөн социалдык долбоорлордун үстүндө иштөөдө кызматташууну сунуштады.

Белгилүү болгондой, бул долбоордун дагы бир артыкчылыгы Бишкектин экологиялык абалына терс таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, шаарчанын аймагында жалпы 11 гектар жер аянтын ээлеген сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт.
Элдин колдоосу жана биргелешкен аракеттер менен чокусун ак кар баскан улуу тоолордун этегиндеги борбор шаарды дүйнө эли суктанган, жашоого жайлуу, жаңырган жашыл калаага айландыра аларыбызга биздин да ишеним чоң. Өлкөбүздө бир гана стабилдүүлүк, алдыга умтулуу болсо өнүгүү болот.