Бишкекте «Интервидение-2025» сынагында 2-орунду ээлеген Nomad триосун тосуп алышты

Маданият Загрузка... 22 Сентябрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Москва шаарында өткөн «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынакта 2-орунду жеңип алган Nomad триосун Манас эл аралык аэропортунан жылуу тосуп алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Nomad трио Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.

Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.

Кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.