Бишкекте “IMPULSE 2025” Х Эл аралык театралдык фестивалы башталды

Маданият Загрузка... 17 Сентябрь 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.09.25./Кабар/. Бишкектеги А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында “IMPULSE 2025” мааракелик Х Эл аралык чакан формадагы театралдык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мэриядан билдиришкендей, расмий ачылыш азем фестивалдын программасын жандуу баштаган «Эсимде» спектакли менен уланды.

“IMPULSE” чакан формалардын эл аралык театралдык фестивалы салттуу түрдө Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин театр жамааттарын бириктирип, заманбап спектаклдерди, жаңы сахналык формаларды, оригиналдуу режиссёрдук ыкмаларды тартуулайт. 2025-жылдагы мааракелик фестиваль «Фестиваль-лаборатория» форматында өтүп, катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Фестиваль бир нече күнгө созулат жана спектаклдерди, чыгармачылык жолугушууларды жана мастер-класстарды камтыган бай программаны убада кылат.