Бишкекте II эл аралык "Курак" фестивалы өтүүдө

Маданият 11 Август 2025 18:15
515439258_1060620996229656_5003644867138755880_n.jpg
515439250_1060621262896296_1158954875407404582_n.jpg
515439779_1060621112896311_3230705196367943203_n.jpg
515441818_1060621259562963_3231081167512697954_n.jpg
520225576_1060621342896288_7492812883825962247_n.jpg
529012080_1060621482896274_6078379132383287552_n.jpg
529403195_1060621419562947_8602683551873980564_n.jpg
529458888_1060621099562979_2551692612110629540_n.jpg
529873838_1060621562896266_3854067381054067575_n.jpg
529925462_1060624649562624_941948330379211934_n.jpg
530086194_1060621082896314_564709422224403412_n.jpg
530391998_1060620806229675_6356805680601847180_n.jpg
530680718_1060624522895970_6110079376989894949_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. 11-13-августта Бишкек шаарында II эл аралык "Курак" фестивалы өтүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул кундөрү Бишкек дүйнөлүк курак өнөрүнүн борборуна айланат.

Фестивалды "СКерамос" ЖЧКсы жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Маданият, министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.

Курак — бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, Борбор Азиянын маданий коду. Түркүн түстөгү жана ар түрдүү фактурадагы кездемелерден куралган жаркын полотнолор муундардын тарыхын баяндайт. Фестивалда 10 өлкөнүн усталары өз эмгектерин көрсөтүп, мастер-класстарды өткөрүшүп, текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашышат.

Фестивалдын негизги максаты:

  • билим берүү жана инклюзия — жаштарды, майыптыгы бар жарандарды жана "Одинокая старость" долбоорунун катышуучуларын чыгармачылыкка тартуу;
  • эко — калдыктарды кайра иштетүү маданиятын жайылтуу;
  • этно — курактын уникалдуу маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү.

Бүгүн фестивалдын ачылышы өтүп, анын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн желектер парады, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандын кол өнөрчү жана усталардын долбоорлорун тааныштыруу, Курактан шыктанган автордук коллекциялардын мода көрсөтүлдү.

Ошондой эле "Салттарды өрүп, туруктуу келечекти жаратуу!" аттуу маданият аралык долбоор жана эл аралык курак полотносун жаратуу эмгеги өтүп, "ЭкоЭтноКурак 2022" тасмасы көрсөтүлдү.

Фестиваль 12-13-август күндөру уланат.