Грузиядан Балтияга чейин. Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын XIII эл аралык кинофестивалы башталды

Маданият 23 Апрель 2025 10:42
493288367_980638550894568_9101457264764863087_n (1).jpg
492394634_980638907561199_4147166126468088359_n.jpg
492131320_980638857561204_4359281709581827120_n.jpg
492537637_980638840894539_4265642737514830239_n.jpg
492658659_980638630894560_2539429535179395926_n.jpg
492479731_980638794227877_1049693189190705008_n.jpg
492189525_980638604227896_2537490322584184478_n.jpg
493309514_980638757561214_8343628817450327337_n.jpg
492660435_980638560894567_68647705302060269_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында Грузия жана КМШ, Балтия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын XIII эл аралык кинофестивалы башталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, быйыл фестивалга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз келип түшүп, бул кинофорумдун эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркынын жогору экенин дагы бир ирет тастыктады.

Эл аралык кинофестиваль Грузия жана КМШ, Балтия өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин сунуштаган аянтчага айланды.

Фестивалдын программасында эки негизги конкурстук категория каралган: эл аралык жана улуттук. Аларда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар көрсөтүлөт. Эл аралык конкурска Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн тандалган 13 тасма кирген. Улуттук конкурста кыргызстандык режиссёрлор тарткан 13 мыкты кыска метраждуу тасма сунушталууда.

"Кинофестиваль жаңы таланттарды ачуу менен бирге, маданий диалогдун аянтчасы болуп, гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана эстетикалык-руханий баалуулуктарды жайылтууга чоң салым кошот",-деп айтылат маалыматта.