Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бишкектеги Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан 180 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү жана модернизациялоо программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Жалпы аянты 1 800 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 0,6 гектар жер тилкесинде орун алган.
Биринчи кабатта төрт тайпага ылайыкталган оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, кир жуучу, үтүктөөчү жай, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана жана техникалык бөлмөлөр жайгашат. Экинчи кабатта дагы төрт тайпанын оюн жана уктоочу бөлмөлөрү, жетекчинин кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык залдар каралган.
Учурда демонтаждоо, ички электромонтаждоо жана канализация иштери толугу менен аяктаган. Азыр ички жасалгалоо иштери уланып, фасад жана тосмолор орнотулуп, айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.