Бишкекте Фучик көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү ачылды

Коом 19 октябрь 2025 15:24
WhatsApp Image 2025-10-19 at 14.09.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-19 at 14.10.00.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-19 at 14.09.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-19 at 14.10.00.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Бүгүн Ю.Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери 11-августта башталган. Долбоордун жалпы баасы 277,5 млн сомду түзөт.

Биринчи этапта Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп ачылган. Бүгүн аяктаган экинчи фаза Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн камтыйт. Үчүнчү фазасы - Жибек Жолу проспектисинен Аска-Ташка чейинки бөлүгү ноябрь айынын аягына пландалган.

Оңдоп-түзөө иштерине жолдун үстүн толугу менен алмаштыруу, фундаментин бекемдөө, бордюрларды, ирригацияны орнотуу камтылган.