Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А.Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында эски асфальт-бетон жабындысы алынып, жолдун негизи бекемделди. Ошондой эле зарыл болгон инженердик тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү.
Мындан тышкары, жол инфраструктурасынын айрым элементтери жаңыртылды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү иштер бекитилген графикке ылайык улантылууда. Негизги көңүл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жолдун сапатын жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга бурулууда.