Бишкекте Freedom Broker компаниясынын кеңсеси ачылды

Коом Загрузка... 12 Июнь 2025 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Бишкекте Freedom Holding Corp. компаниясынын кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Бакыт Сыдыков катышып, анын алкагында компаниянын аткаруучу директору Тимур Турлов менен жолукту.

Жлугушууда министр компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, жакынкы келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулады.

Тараптар Кыргызстанда көрсөтүлө турган кызматтарды кеңейтүү, инвестициялык активдүүлүктү күчөтүү жана заманбап финансы жана санариптик чечимдерди киргизүү пландарын белгилешти.

Ошондой эле министрликке караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Freedom Holding Corp. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты – өлкөнүн финансы рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү, финансы кызматтарын санариптештирүү, инновациялык чечимдерди киргизүү жана калктын инвестициялык маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Freedom Broker компаниясынын директору Медет Назаралиев компаниянын алдыдагы пландары жана Кыргызстандын фондулук рыногунун келечеги тууралуу айтып берди.

Тараптар өз ара урматтоого негизделген кызматташууну улантууга, маалымат алмашууга, инвестиция тартууга жана каржы рыногуна кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган демилгелерди чогуу иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Freedom Broker компаниясы 2024-жылдын август айында Кыргызстанда брокердик ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алган. Компания Кыргыз фондулук биржасынын соода катышуучусу болуп эсептелет. Жогорку технологиялуу санариптик чечимдердин аркасында Кыргызстандын жеке инвесторлору, ишкерлер жана финансылык институттар NYSE, NASDAQ, LSE жана башка дүйнөлүк биржаларда түздөн-түз акциялар, облигациялар жана башка куралдар менен соода жүргүзө алышат.