Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кытай элинин япон баскынчыларына каршылык көрсөтүү согушундагы жана дүйнөлүк фашизмге каршы согуштагы жеништин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Ага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, жогорку кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева, “Кыргызстан–Кытай достук коому” коомдук бирикмесинин президенти Медетбек Букуев жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Иш-чараны алгач элчи Лю Цзянпин ачып, бул дата тынчтык үчүн күрөштө эрктүүлүктүн жана элдер ортосундагы ынтымактын символу экенин белгиледи.
“Биз бул маанилүү тарыхый датаны жыл сайын эскерип келебиз. Анткени, бул согуштарда курман болгон адамдардын эрдиги жана кайратмандыгы түбөлүк эсте калууга тийиш,”– деди элчи.
Ошондой эле элчи кыргыз-кытай кызматташтыгына да кеңири токтолуп, акыркы жылдары эки өлкөнүн алакасы жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи.
“Президент Си Цзиньпин менен президент Садыр Жапаровдун аркасында эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкты. Соода, инвестиция жана инфраструктуралык долбоолор боюнча байланышыбыз бекемделип, “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен ири долбоорлор ишке ашууда. Чек аралар ачылып, эл аралык алакалар жанданды,”– деди ал.
Саамалыктын жүрүшүндө кыргыз жана кытай өнөрпоздорунун катышуусунда достукту жана тынчтыкты даңазалаган концерттик программа тартууланды.