Бишкекте эттин баасын жогорулаткан сатуучуларга айып салынды

Коом 17 сентябрь 2025 12:30
549159767_1790.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
548698808_1790.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
549159767_1790.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
548698808_1790.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Орто-Сай базарында уй жана кой этине (сөөгү жок эттен тышкары) бааны негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында текшерүү жүргүзүлдү.

Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, текшерүү Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы, муниципалдык инспекция, МТУ жана Октябрь РИИБинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Сатуучулар жана ишкерлер менен баа коюу боюнча мамлекеттик ченемдерди жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, этке белгиленген бааларды ашыкча коюу фактылары боюнча административдик айып пулдар салынды.

Жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 290-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, ар бирине 13 миң сомдон айып салынган.