Бишкекте эркин күрөш боюнча шаар биринчилиги өттү

Спорт 10 Март 2025 18:18
483365615_1075086371333883_5420685481120897600_n.jpg
483362996_1075086391333881_8711319734084038559_n.jpg
483447454_1075086324667221_4447242472128248554_n.jpg
480995919_1075086298000557_3824261223083160110_n.jpg
483368797_1075086234667230_4588222979617020421_n.jpg
484108670_1075086248000562_6546798139490801748_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Борбор калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде эркин күрөш боюнча U-17 жаш өспүрүмдөр арасында шаар биринчилиги өттү.

Мэриядан билдиришкендей, турнирде Бишкектин эң мыкты жаш балбандары күч сынашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, жеңишке болгон умтулуусун жана күчтүү кулк-мүнөзүн көрсөтүштү.

65 кг салмак категориясындагы жыйынтыктар:

Калыбеков Алтынбек (2009-ж.т.) – 1-орун;
Муканбетов Түгөлбай; (2009-ж.т.) – 2-орун
Абдыкалыков Марат (2009-ж.т.) – 3-орун;
Сардарбеков Каниет (2008-ж.т.) – 3-орун.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, сынакты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.

"Мелдештин негизги максаты – шаар боюнча мыкты спортчуларды аныктап, аларды Кыргызстандын чемпионатына даярдоо. Бул турнир катышуучулар үчүн тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп, өз күчүн сыноо жана спорттук карьерасында жаңы баскычка көтөрүлүүгө дем-шык берди",-деп айтылат маалыматта.