Эркин күрөш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү

Спорт Загрузка... 24 Март 2025 13:14
1054104538_0_206_2049_1365_2072x0_60_0_0_aaae2830f10a47f14b0130ad3f5edc25.jpg
copyright icon www

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында U-15 кичи кадеттер арасында эркин күрөш боюнча шаар биринчилиги өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул турнир жөн гана медалдарга болгон күрөш эмес, спортчуларга өздөрүн көрсөтүп, тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болду.

Турнирдин уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Раатбек Санатбаев атындагы дене тербия-ден соолукту чыңдоо компеклси.

Салмактык категориялар боюнча жеңүүчүлөр:

52 кг:
1-орун – Түткүчов Байэл (2010-ж.т.);
2-орун – Исаков Умар (2011-ж.т.);
3-орун – Камчыбеков Иса (2010-ж.т.);
3-орун – Сатылганов Актан (2010-ж.т.).

85 кг:
1-орун – Бектурганов Анвар (2011-ж.т.);
2-орун – Анарбеков Буян (2010-ж.т.);
3-орун – Турдумамбаев Ынтымак (2011-ж.т.);
3-орун – Кадырбеков Ильяс (2010-ж.т.).

Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, килемге чыгуу – спортчунун физикалык даярдыгын гана эмес, анын психологиялык туруктуулугун да сыноо.