Бишкекте эреже бузган 3 курулуш компаниясынын иши токтотулду

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 12:35
536242782_3523022397840934_431694377738581305_n.jpg
740366050_1533211974944513_1312862132572520961_n.jpg
740659534_1533211908277853_6280156099273710720_n.jpg
740407133_1533211938277850_6201286917776837656_n.jpg
740686548_1533211914944519_261325663441595403_n.jpg
741236039_1533211861611191_8767098038390881200_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында аймакты көрктөндүрүү жана курулуш талаптарын сактабаган ири курулуш компанияларына чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Атайын рейддин жүрүшүндө Ч. Валиханов, Мичурин, Зеленая жана Загорск көчөлөрүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйлөрдүн айланасы текшерилди.

Анда компаниялар ички жолдорду уюштуруу, тротуарларды куруу, унаа токтотуучу жайларды түзүү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу боюнча башкы талаптарды аткарышпаганы аныкталган.

Мыйзам бузуулар үчүн "Дивизион Строй", "Ак Билдинг" жана "Арт Вин" ЖЧКларына милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.