Бишкекте эпос таануучулардын эл аралык симпозиуму өтүүдө

Маданият Загрузка... 29 Май 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери” аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин баштады.

Манас академиясынан билдиришкендей, иш-чара улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чарада эпостордун жалпы адамзатка таандык универсалдуу баалуулуктарын, ар улуттун өзүнө мүнөздүү этникалык моделдерин жана эпикалык мурастын заманбап коомдогу орду талкууланууда.

Мындан сырткары баяндамалар окулуп, илимий талкуулар жүрүп, эпосту жаңы ыкмалар менен изилдөөнүн жолдору сунушталууда. Ошондой эле, көргөзмөлөр жана фольклордук өнөрдүн жандуу аткаруулары да орун алууда.

Белгилей кетсек, симпозиумдун максаты — эпикалык мурастарды терең изилдөө аркылуу дүйнө элдеринин маданий көп түрдүүлүгүн жана руханий жакындыгын чагылдыруу, ошондой эле бул баалуулуктарды кийинки муунга жеткирүүнүн жаңы формаларын табуу.