Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасына 6 жаңы атайын техника берилди.
Мекеменин маалыматына ылайык, техника электр тармактарын эксплуатациялоо, оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине колдонулат.
Анын ичинен Түндүк РЭТке Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу кран-манипулятор жана автогидрокөтөргүч, ал эми Чыгыш, Батыш, Аламүдүн РЭТтерине жана атайын кызматка JAC T8 үлгүсүндөгү унаалар бөлүштүрүлдү.
Жаңы техника энергетиктердин мобилдүүлүгүн жана иштин ыкчамдыгын жогорулатып, авариялык жана оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.
Маалыматка ылайык, атайын техникалардын паркын жаңылоо Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого багытталган.