Бишкекте эне жана балага колдоо көрсөтүүчү ресурстук борбор ачылды

Коом 22 май 2025 12:00
499247933_1139714448198227_4975997238263034461_n.jpg
499787569_1139715508198121_8403591799935025228_n.jpg
500652635_1139715498198122_1226232985542478504_n.jpg
499718585_1139713194865019_5799905348035154685_n.jpg
499480033_1139715468198125_1070371889064488748_n.jpg
499361605_1139712754865063_8001325790842271381_n.jpg
497906359_1139714661531539_5853008900996344246_n.jpg
494974695_1139715518198120_5501488956307557582_n.jpg
494789335_1139715634864775_2125686187725763956_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы алгачкы эне жана баланы колдоого арналган ресурстук борбор – "Эне үйү" ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Борбор Mothers Home International Foundation (MHIF) аттуу эл аралык жеке фонддун колдоосу менен түзүлүп, оор кырдаалда калган аялдарды колдоого багытталган маанилүү социалдык демилге болуп саналат.

Борбордун максаты жана миссиясы — социалдык жетимдиктин алдын алуу, жаңы төрөлгөн ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү, аялдардын укуктарын калыбына келтирүү жана алардын өз алдынча жашоосуна көмөктөшүү.

Борбор аркылуу аялдар төмөнкүдөй жардамдарды алышат:

  • убактылуу коопсуз турак жай;
  • психологиялык жана юридикалык жардам;
  • документтерди калыбына келтирүүгө колдоо;
  • жумушка орношууга жана коомго адаптацияга жардам.

"Эне үйү" — бул өлкөдө үй-бүлөлүк кризистердин алдын алууга жана аялдар менен балдарга системалуу колдоо көрсөтүүгө багытталган алгачкы үлгүлүү аянтча болуп калды.

Анын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Калыбекова, Айсулуу Мамашова, эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандагы "Эне үйү" долбоорунун регионалдык өкүлү Назгүл Турдубекова борбордун миссиясы жана өнүгүү келечеги жөнүндө кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын коноктору:

  • балалу аялдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты,
  • борбордун негиздөөчүлөрү жана адистери менен баарлашышты,
  • Кыргызстанда энеликти колдоо системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

"Эне Үйүнүн" ачылышы – оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарды туруктуу, гумандык жана системалуу колдоо системасын түзүү жолунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн социалдык саясатынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.