Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунун ядролук медицина бөлүмүндө технеция-99m генераторун колдонуу менен бейтаптарды радионуклиддик изилдөө башталды.
Борбордун директору Нурбек Букуевдин айтымында, технеция-99m генераторлорун үзгүлтүксүз жеткирүү "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) колдоосу менен ишке ашырылууда.
16 айдын ичинде 32 генератор жана аларга 23 "муздак комплект" жеткирүү пландаштырылууда. Бул ядролук медицина бөлүмүнүн туруктуу иштешин камсыз кылат.
Технеция-99m — ядролук медицинада эң көп талап кылынган изотоп, ал онкологиялык, кардиологиялык, нейроэндокриндик жана башка ооруларды диагностикалоо үчүн бир фотондуу эмиссиялык компьютердик томографиянын 80%дан ашык процедураларында колдонулат.
МАГАТЭнин эксперти Алексей Леонтьев генератордун бейтаптардын ден соолугу үчүн коопсуздугун баса белгиледи.
"Анын нурлануусу минималдуу жана флюорографиядагы нурлануу жүгүнө салыштырууга болот", - деди эксперт.
Ошондой эле Алексей Леонтьев кыргызстандык адистердин кесипкөйлүгүн жана кызыгуусун жогору баалап, алардын тажрыйба алмашууга даяр экендигин айтты.
Апта ичинде Улуттук онкология жана гематология борбору 150 бейтапка радионуклиддик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.
"Азыр жана 16 ай бою бейтаптар үчүн бардык текшерүүлөр акысыз жүргүзүлөт. Андан кийин бул процедура үчүн төлөнөт. Анын баасы монополияга каршы орган жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу менен макулдашуу аркылуу белгиленет", - деп билдирди журналисттерге өзөктүк медицина бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Рыспаева.
Технеций-99m реакторлорун жеткирүү бөлүмдүн кызматкерлеринин жана Улуттук онкология жана гематология борборунун МАГАТЭ сыяктуу эл аралык органдардын аккредитациясынан өткөндөн кийин, ошондой эле бардык процедураларды бажы органдары, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Ички иштер министрлиги жана башка ведомстволор менен макулдашкандан кийин мүмкүн болду.