Бишкекте электробустарга эки ДЕПОну 21-майга чейин куруп бүткөрүү керектиги айтылды

Коом Загрузка... 31 Март 2025 16:54
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бишкекте электробустарга эки ДЕПОну 21-майга чейин куруп бүткөрүү керектиги айтылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Айбек Жунушалиев “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоорунун алкагында №1 жана №2 ДЕПОдо электробустар үчүн объекттин курулушун текшерди.

Көчмө жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жана подряддык уюм China Road and Bridge Corporation компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууга жооптуу адистер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө подряддык уюмга эки ДЕПОнун бардык курулуш иштерин 2025-жылдын 21-майына чейин, келишимде белгиленген мөөнөттө так бүткөрүү тапшырылды. Мэр иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну белгиледи.

Мындан тышкары, электр автобустарынын токтоп калышына подрядчы жооп берери жана буга байланыштуу бардык чыгымдарды подрядчы тапшырыкчынын пайдасына чечери кошумчаланды.

Белгилей кетсек, “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат жана Бишкекке 120 электробус алынат.