Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Бишкекте электробус заводун куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Кытайга болгон иш сапарында белгилүү болду.
Мэриянын маалыматына ылайык, калаа башчысы Кытайдын Чандэ шаарына болгон иш сапарында электр автобустарын чыгарууга адистешкен CRRC Electric заводун кыдырып чыкты.
Белгиленгендей, сапар экологиялык жактан таза коомдук транспорт жаатындагы заманбап технологиялар менен таанышууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган.
Сапардын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү менен жолугушуулар жана Бишкекте электр транспортун киргизүү келечеги боюнча талкуулар пландаштырылууда.
Андан тышкары, Бишкекте ушул сыяктуу электр автобус заводун куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.